Бишкекте "Борбор Азия романсиадасынын" гала-концерти өттү. Видео

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда эл аралык "Борбор Азия романсиадасынын" гала-концерти өттү. Бул сынак быйылкыны кошкондо тогузунчу ирет уюштурулуп жатат. Быйыл 117 талант катышып, саны рекорд койду.
Sputnik
Филарманиянын залында жеңүүчүлөр жарыяланып, музыка майрамын Аскердик үйлөмө аспаптар оркестри ачты. Юлия Руцкая, Nomad триосу жана бир топ ырчылар "Манас" президенттик камералык оркестрининин коштоосунда чыгармаларды аткарды.
Кыргызстандан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 7ден 27 жашка чейинки таланттар өнөрүн көрсөттү. Алардын дараметине Россия искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген артист Галина Преображенская башында турган калыстар баа берди.
Баш байгени кыргызстандык 9 жаштагы Арсен Мухтарбеков жеңип алды.
Быйыл атайын байгелер да тапшырылды. Болот Миңжылкыев атындагы атайын номинация Санжарбек уулу Бактурганга ыйгарылды. Ал эми дагы бир талант Александра Рыбина орустун атактуу акыны Сергей Есениндин сөзүнө жазылган романстарды аткарып, наамга ээ болду. Баса, быйыл лирик акындын 130 жылдык юбилейи белгиленип жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина кыргызстандык жаш таланттар, эң кенже катышуучулар Дария Тумукеева, Нурайым Түркмөнова жана Аэлин Амандыковага диплом менен сыйлыктарды тапшырды.
Сынакка "Евразия" уюму башкы өнөктөш болду. Ал эми маалыматтык өнөктөштүк милдетин Sputnik Кыргызстан агенттиги менен радиосу алган.