Дүйнөдө алтындын баасы түшкөндөн кийин Улуттук банктын куймалары арзандады

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Алтындын дүйнөлүк баасы төмөндөгөндөн кийин Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймалары кыйла арзандады.
23-октябрга карата баа:
жүз граммдык куйма — 1 миллион 182,5 миң сом;
унциясы (31,1 грамм) — 363 миң 852 сом;
10 граммдык — 116,6 миң сом;
беш граммдык — 59 миң 267 сом;
эки граммдык — 24 миң 442 сом;
бир граммдык — 12 миң 875 сом.
Белгилей кетсек, шейшембиде куймалардын баасы рекорддук көрсөткүчкө жеткен, бирок эки күн катары менен бир топ түштү. Тагыраагы, бир граммдык куймалар 630 сомго, эң ирилери 65 миңге чейин төмөндөгөн. Бул аралыкта дүйнөлүк баа 224 долларга түшүп, учурда алтындын унциясы 4070 доллардын чегинде турат.
Былтыр Улуттук банктын алтын куймаларынан канча киреше табууга болмок. Саресеп