АКШ Сенаты шатдаунду токтотуу боюнча мыйзам долбоорун 12-ирет четке какты

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. АКШнын Сенаты шатдаунду токтото турган мыйзам долбоорун 12инчи ирет кабыл алган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, республикачылардын өкмөттү каржылоону улантуу жөнүндөгү мыйзам долбоору бул жолу дагы 60 добуш ала албай, АКШнын өкмөттүк мекемелери жабык бойдон калууда.
Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсондун айтымында, АКШ өкмөтүндөгү шатдаун — өлкө тарыхындагы узакка созулган экинчи учур.
Буга чейинки 35 күнгө созулган шатдаун Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө болгон. Өлкө президенти шатдаунду кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн, ошондой эле Республикалык партияга жакпаган программалардан арылуу максатында колдонорун айтып келет.
АКШда федералдык кызматкерлер жумуштан жапырт бошотула баштады