Быйыл кант кызылчасы өткөн жылдагыдай эле 13 миң 500 гектар аянтка айдалды.Учурда анын 20 пайызы жыйналып бүткөнү менен, түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болору күтүлүүдө. Мындай абал өлкөнүн ички керектөөсүн толук жабууга мүмкүнчүлүк бербей калышы мүмкүн. Ошондуктан кант Россиядан импорттолот. Өткөн жылы болсо, кант кызылчасынын түшүмү мол болгондуктан, республика өз керектөөсүн гана эмес, сыртка 15 миң тонна шекерди экспорттой алган. Бул тууралуу "Ачык кеп" программасынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү маалымат беришти. Ошону менен бирге, адистер кантты тамак-ашта колдонуу акырындык менен азайып баратканын белгилешти.