Ысык-Атада заводдогу цемент цистерна жарылып, эки киши көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан чакан заводдо цемент цистерна жарылып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИББи билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, кырсык кечээ кечинде болуп, Ысык-Ата РИИБи тарабынан каттоого алынган. Тергөөгө чейинки териштирүү башталып, газоблок чыгарган "НГБ" заводунун түштүк жагында турган цемент цистернасы жарылганы аныкталды. Анын кесепетинен 34 жана 64 жаштагы эки жумушчу ошол жерде каза болушкан.
Учурда күбөлөр суралып, жарылуунун себебин тактоо үчүн экспертизалар дайындалды.
Милиция иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин айтты.
Ошто үйдөн өрт чыгып аял беш баласы менен каза болду. Кырсыктан кийинки видео