БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссисы (ЕЭК) Россиядагы мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) аркылуу медкызмат көрсөтүлүүсүн демилгелөөдө.
ЕЭК уюштурган маалымат жыйында Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова азыркы тапта Россияда ММК боюнча медициналык кызмат иштегендерге гана көрсөтүлөрүн белгиледи.
"Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) кызматтары убактылуу жүргөн эмгек мигранттарына гана эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да жеткиликтүү болушуна аракет көрүлүп жатат", — деди Өмүрбекова.
Негизги максат – мигранттарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн ЕАЭБ жөнүндө келишимде кепилденген социалдык жеңилдиктердин толук спектри менен камсыз кылуу.