ЕАЭБдегилер пенсия төлөөдө өз ара электрондук ыкманы киргизүү ниетинде

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү пенсия төлөөдө электрондук өз ара кызматташуу системасын киргизүүгө ниеттенип жатканын ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова айтып берди.
Эскерте кетсек, бүгүн Евразиялык экономикалык комиссия ЕАЭБ алкагында ишкерликти колдоо, эмгек миграциясы жана социалдык камсыздоо боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Өмүрбекованын айтымында, демилге процессти жөнөкөйлөтүп, ачыктыкты камсыздайт.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы пенсиялык камсыздоо келишими 2021-жылдан тарта башталды. Ал иштегендердин пенсиялык укугун түптөйт. Мындайча айтканда, пенсия бир тараптан экинчи жакка же ал жактан бул тарапка экспорттолот. Статистикага келсек, 2021-жылы тогуз миң адамды камтыса, былтыр муну 13 800гө чукул адам колдонгон", — деген директор.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жумушчуларга каралган жеңилдиктер тизмектелди