Оштогу өрт жана заводдогу жарылуу. Жапаров маркумдардын туугандарына көңүл айтты

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында акыркы күндөрү болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.
Өлкө башчынын кебин маалымат катчысы Аскат Алагөзов жарыялады.
"Ош шаарындагы өрттөн алты мекендешибиз – эне жана анын беш баласы каза болгону, ошондой эле Новопокровка айылындагы заводдо цемент ташуучу цистерна жарылып, эки жумушчунун өмүрү кыйылганы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сиздердин аза-кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Жараткан силерге сабырдуулук жана бул оор жоготууларды көтөрүүгө күч-кубат берсин, ал эми маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун. Мамлекеттик органдар каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүшөт", — деди өлкө башчы.
Ал ошондой эле ӨКМге жана тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдарды жана өрттөрдү алдын алуу боюнча чара көрүүнү тапшырды.
"Суук түшөрү менен жеке турак жайларда, ошондой эле өндүрүштүк объектилерде электр энергиясын, жылытуучу шаймандарды колдонууда өрт коркунучу жогорулайт. Калк арасында сактык чаралары боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл", — деген өлкө башчы.
Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, аял беш баласы менен каза болгон. Ал эми 21-октябрда Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан чакан заводдо цемент цистернасы жарылып, кырсыктан 34 жана 61 жаштагы эркек кишилер көз жумган.
Ошто 5 баласы менен каза болгон келин. ӨКМ жаңы маалымат таратты