БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Евробиримдиктин Россияга каршы жүргүзгөн саясаты Европа өлкөлөрүн кыйратууда. Бул тууралуу Франциянын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо социалдык тармагына жазганын РИА Новости кабарлады.
"ЕБ ыгы келсе да, келбесе да дүйнө жүзүнө кыр көрсөтө берүүнү адат кылып алды. Өз экономикасы курмандыкка чалынып жатса да антироссиялык маанайга батып кетти", — деп жазган саясатчы.
Филиппо европалыктардын жашоосу биротоло токтоп кала электе "ЕБди жок кылуу керектигин" кошумчалаган.
Россия Батыштын бир канча мурун баштап, азыр да улантып жаткан санкциялык кысымына туруштук берерин айтып келет. Москва Россияга каршы санкциялык саясат максатына жетпей калганын моюндоого Батыштын дарамети жетпейт деген пикирде. Чектөөлөрдөн натыйжа болбой турганы Батыш мамлекеттеринин өзүндө да айтылууда.
РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар бүтүндөй дүйнө экономикасына доо кетиргенин билдирген. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдардын турмушун начарлатуу.