Радио

Тукешов: пластикалык хирург кесибине кызыккандар көбөйүүдө

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы пластикалык хирургу Султан Тукешов пластикалык хирургия эл арасында барган сайын популярдуу болуп жатканын айтты.
Sputnik
Республикада пластикалык хирургия дүйнөлүк тенденцияларга ылайык өнүгүп жатат. Соңку жылдары көз, мурун жана дененин түзүлүшүн өзгөртүү боюнча операциялар кеңири жасалууда. Бул тууралуу Султан Тукешов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көздүн айланасындагы бырыштар менен салбыраган териге жасалуучу процедураларга дүйнө жүзү боюнча суроо-талап жогору.
"Мындай операция боюнча маалыматтар ачык болгондуктан кайрылуучулардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда, эң көп жасалат. Дүйнө жүзү боюнча да бул процедура эң көп талап кылынат. Андан кийин мурунга жана бет түзүлүшүнө байланыштуу операциялар кеңири колдонулат. Ошондой эле бүгүнкү күндө липомоделдештирүү деп аталган денеге жасалчу операция актуалдуу болуп бара жатат. Анда дененин кайсы бир бөлүгүндө ашыкча май топтолсо аны алып, жетишпеген жерге которуу жолу менен келбетти өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, соңку убактарда эркектер арасында гинекомастия операциясына суроо-талап жогору. Бул гормоналдык өзгөрүүлөр же спорттук азыктарды колдонуу менен эмчек безинин чоңоюшун азайтуу үчүн жасалат. Келбетине кам көрүү максатында пластикалык операция жасатууга кайрылган эркектер да жок эмес. Ар бир он кишинин экөө — мырзалар", — деди Тукешов.
Ал ошондой эле акыркы мезгилде пластикалык хирургия тармагына кызыккандар көбөйүп жатканын кошумчалады.