БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ошто өрттөн беш баласы менен каза болгон аялдын күйөөсү Түштүк Кореяда иштеп жүргөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирип, кырсык тууралуу жаңы маалымат жарыялады.
Өрт электр жылыткычынан чыкканы болжолдонууда. Куткаруучулар үйдө оңдоо иштери жүрүп жатканын, ошондой эле эки жашар бала болгондуктан суукта жылыткыч сайылгандыгын айтышты.
Кырсык тууралуу маалымат бүгүн саат 05:52де түшкөн. Куткаруучулар тилсиз жоону 06:25те өчүрүп үлгүрүшкөн. Окуянын кесепетинен 34 жаштагы келин жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары каза болгон.