Нарындын чуулуу көчөсүнүн бир бөлүгү асфальтталып бүттү

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Нарын шаарындагы борбордук Ленин көчөсүнүн 7,6 чакырымы асфальтталып бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жолдун калган тилкесине асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери уланууда. Ленин көчөсүнүн жалпы узундугу 9,5 чакырымды түзөт.
1 / 2

Нарын шаарындагы борбордук Ленин көчөсүнүн 7,6 чакырымы асфальтталып бүттү

2 / 2

Маалыматка караганда, жолдун калган тилкесине асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери уланууда. Ленин көчөсүнүн жалпы узундугу 9,5 чакырымды түзөт

"Учурда тротуар салуу, бордюрларды куруу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотуу жумуштары жүрүүдө. Жол чийиндери да чийилип жатат", — деди министрлик.
Долбоорго ылайык, төрт тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги — 2,25 метр.
Эске салсак, шаардагы негизги Ленин жана Шералиев көчөлөрүн "Бета групп" ЖЧКсы жасап жаткан, бирок компания ишти сапатсыз аткарып, убагында бүтүрбөй, натыйжада анын аткаруучу директору менен транспорт министринин биринчи орун басары камалган. Ал эми аталган эки жолду Транспорт министрлиги өзү жасамай болгон.
КамАЗ кулап, айдоочусу каза болгон Эки-Нарындагы көпүрө жасалып бүттү. Видео