БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ушул жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Иш-чаранын ачылышы 29-октябрь күнү Улуттук филармонияда болот. Анда шериктеш өлкөнүн эстрада жылдыздары, музыканттары катышкан концерттик программа пландалган. Концерт белгилүү "Фонограф-Симфо Джаз" оркестринин коштоосунда, Россиянын эл артисти Сергей Жилиндин жетекчилиги менен өтөт.
Ушул эле күнү филармониянын фойесинде Россия жана Кыргызстан кинематографиясын байланыштырган "Бир экранда – Россия, Кыргызстан, кино" аттуу фотокөргөзмө ачылат.
29-октябрда "Манас" кинотеатрында кинофестивалдын ачылышы болот. Салтанаттуу бөлүктөн кийин режиссер Никита Высоцкий тарткан "Август" аскерий тасмасы көрсөтүлүп, автор менен жолугушуу өтөт. 30-октябрдан 1-ноябрга чейин фестивалдын алкагында башка тасмалар да сунушталат.
30-октябрдан 2-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында Никита Михалков жетектеген "Мастерская "12" театрынын спектаклдери коюлат. Алардын катарында – "12" аттуу драма жана балдар үчүн Евгений Шварцтын чыгармасы менен коюлган "Жоголгон убакыт жомогу" спектакли бар.