Кыргызстандын жоокерлери "Бирлик — 2025" машыгуусуна катышты. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Өзбекстандагы "Каттакурган" полигонунда өткөн аймактык "Бирлик – 2025" машыгуулары соңуна чыкты. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирди.
Аскердик иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Азербайжан мамлекеттеринин жоокерлери катышты.
Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов башында турган Кыргызстандын делегациясы машыгуунун активдүү фазасына көз салып, жабылыш аземинде болду.
1 / 6

Өзбекстандагы "Каттакурган" полигонунда өткөн аймактык "Бирлик – 2025" машыгуулары соңуна чыкты

2 / 6

Аскердик иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Азербайжан мамлекеттеринин жоокерлери катышты

3 / 6

Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов башында турган Кыргызстандын делегациясы машыгуунун активдүү фазасына көз салып, жабылыш аземинде болду

4 / 6

Машыгуунун соңунда өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери сыйланды

5 / 6

Өзбекстанда өткөн аймактык "Бирлик – 2025" машыгуулары

6 / 6

Өзбекстанда өткөн аймактык "Бирлик – 2025" машыгуулары

"Машыгуу боордош мамлекеттердин кызматташтыгын чыңдап, улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыздоодогу көз караштарды бириктирди. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин тастыктады", — деген Мукамбетов.
Машыгуунун соңунда өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери сыйланды.
Тажикстанда "Бузулгус боордоштук" жана "Барьер" машыгуулары башталды