Андан кийин АКШ Кубанын тегерегиндеги 500 милдик деңиз аймагын тосуп салды. Бул аракет АКШны согуш ачкан мамлекет катары көрсөттү. Советтер Союзунун жасаган кадамдары эл аралык мыйзамды бузган эмес.
Дүйнө согушка баратты: советтик ЗРК Кубада чалгындап жүргөн U-2 учагын атып түшүргөн. Анын учкучу, майор Рудольф Андерсон каза болот. АКШнын ошол кездеги президенти Жон Кеннединин кеңешчилери Кубага каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кыла баштайт.
Чатактын курчушуна карабастан Кеннеди Кубага кирүүдөн баш тартып, Түркиядан өзөктүк ракеталарын чыгарат. Советтер Союзу да Кубадан ракеталарын жүктөп кеткен.