БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош автожолунда 1-майга чейин жүргүнчү ташыган коомдук транспортко (автобус жана бустар) чектөө киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Ошондой эле чектөө техникалык абалы талапка жооп бербеген жеке автоунааларга да тиешелүү болот. Көлүктөр "Сосновка" пунктунан өткөрүлбөйт. Чаралар кышкы мезгилде жол кырсыктарын алдын алууга багытталган.
Мекеме бардык айдоочуларга, өзгөчө алыскы жана тоолуу аймактарга каттагандарга кыш мезгилине байланыштуу автоунаа дөңгөлөктөрүн алмаштырууну, кыймылдаткычтын майын жаңылап, машинанын жалпы техникалык абалын бир сыйра текшерип коюуну эскертүүдө.