Ошто үйдөн өрт чыгып аял беш баласы менен каза болду. Кырсыктан кийинки видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ош шаарында турак үйдөн чыккан өрттөн алты адам каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн болгон. Саат 05:52де Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу кабар түшкөн. Өрт өчүргүчтөр тилсиз жоону 06:25те өчүрүп үлгүрүшкөн.
"Алгачкы маалыматтар боюнча, болжол менен саат 03:30дар чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт тутанып, ал кыска убакыттын ичинде турак үйдүн чатырына чейин тараган. ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен үйдүн алты тургуну — 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда сөөктөр таанылгыс абалда табылганы белгиленген.
Ош шаары: көп кабат үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Видео