Орто Азиядагы агартуу доору же Батыш окумуштуулары эмнеге көчмөн цивилизациясын тааныгысы келген эмес?

Sputnik
Кең Алтай IV илим изилдөө конференциясына Кыргызстандан дагы бир беделдүү окумуштуу катышып кайтты. Профессор Анара Карыева анда Кыргызстандагы агартуу кыймылы деген тема менен кыскача доклад окуган. Биз бүгүнкү “Кеменгер” уктуруусунда 1784-жылы Э. Канттын агартуу боюнча жазган эмгегинен тарта, азыркы учурга чейинки агартуу кыймылдары тууралуу баарлаштык. Тарыхты алып карасак агартууга чоң салымын кошкон дүйнөлүк алп окумуштуулар катары өңчөй Батыш окумуштуулары аталып, деги эле агартуу ушул Европадан башталгандай түр калтырат. Бирок ошол эле убакта айталы бардык түрк элдеринин эскиси болгон кыргыздарда агартуу болгон эмеспи, цивилизация жашаган эмеспи?-деген суроо жаралат. Биз уктурууда мына ушул суроолорго жооп алдык.