Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жумушчуларга кандай жеңилдиктерди караганын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин башчысы Алтынай Өмүрбекова маалымат жыйында айтып берди. "Башкысы, тигил же бул өлкөдө иштеп жаткан адам кайсы өлкөдө иштөө чечимин кабыл албасын, анын билими тууралуу документтери автоматтык түрдө таанылат. Бул, менимче, абдан чоң артыкчылык. Бирок эгер ал медицина кызматкери же фармацевт болсо, анда ал сертификаттоодон өтүп, дипломун тастыкташы керек", — деди Өмүрбекова . Ал коомдук тартипти карай турган улуттук коопсуздук тармагына мүмкүнчүлүк болбосун кошумчалап, калган багытка "жашыл жарык" берилерин айтты. Эмгекке жараксыз болгон учурлар үчүн социалдык камсыздандыруу каралган, башкача айтканда, оорукана баракчалары мамлекеттин жарандары сыяктуу эле көлөмдө берилет. Кокустук болуп өндүрүштө жаракат алса, тиешелүү камсыздандыруу боюнча укуктарын пайдалана алат. Мындан тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каралган өлкөлөрдө ал системага кошулуу мүмкүнчүлүгү бар. Тагыраагы, башкалар сыяктуу эле жеңилдиктерди ала алат. Ал эми салык жаатына келсек, төлөмү ошол өлкөнүн жарандары үчүн белгиленген чекте болот.
Бишкек мэриясы коомдук жайлардагы дааратканаларды акысыз кылууну сунуштады Норма акы төлөнүүчү атайын дааратканаларга жайылтылбайт. Кеп кафе, ресторан, дүкөн жана башка объектилердеги дааратканалар боюнча болууда. Алар адатта кардарларын гана киргизип, айрымдары акы талап кылышат. Демилгечилер бул балдар, кош бойлуулар, улгайгандар жана майыптыгы барлар үчүн оорчулук жаратарын белгилеген.
Ушул жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Иш-чаранын ачылышы 29-октябрь күнү Улуттук филармонияда болот. Анда шериктеш өлкөнүн эстрада жылдыздары, музыканттары катышкан концерттик программа пландалган. Ушул эле күнү филармониянын фойесинде Россия жана Кыргызстан кинематографиясын байланыштырган "Бир экранда – Россия, Кыргызстан, кино" аттуу фотокөргөзмө ачылат. 29-октябрда "Манас" кинотеатрында кинофестивалдын ачылышы болот. Салтанаттуу бөлүктөн кийин "Август" аскерий тасмасы көрсөтүлүп, автор менен жолугушуу өтөт. 30-октябрдан 1-ноябрга чейин фестивалдын алкагында башка тасмалар да сунушталат. 30-октябрдан 2-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында "Мастерская "12" театрынын спектаклдери коюлат.