Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга алдыдагы майрам - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү иштөө режими тууралуу эскертет. Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат. Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, майрамдык иш күндөрү жумуштун узактыгы бир саатка кыскартылат. Мекеме 8-ноябрь 6 күндүк иш жүмалыгы менен иштегендер үчүн иш күнү, ал эми беш күндүк иш жумалыгы менен иштеген уюмдар үчүн эс алуу күнү бойдон калаарын тактады.
Ички иштер министрлиги Административдик жана Кылмыш кодекстерине "Сексуалдык ыдык" боюнча берене киргизүүнү сунуштап жатат. Демилге ишке ашып калса, сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү колдонуу, жыныстык органдарды көрсөтүү, ошондой эле бирөөнүн эркине каршы кармалоо, кысуу, сылоо, чымчуу сыяктуу жосундарды жасаган адамга 20 миң сом айып салынып же 3-7 сутка камалат. Эгер кайталанып жасалса, айыпкерди 3-5 жылга эркинен ажыратуу каралууда. ИИМ акыркы жылдары коомдук жайларда сексуалдык ыдык боюнча даттануулар көбөйгөнүн маалымдады. Буга чейин мыйзамда аталган терминге так түшүнүк берилбей, шектүүлөр жумшак жаза менен кутулуп келишкен.
Бишкекте чала тааныш адамды 8 миллион сомдон ашык каражатка алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. 21-октябрь күнү Ленин райондук милициясына жабырлануучу кайрылып, бир ай мурда, тагыраагы, 21-сентябрда, шектуугө Новопавловка айылындагы базардын аймагынан 8 миллион 353 миң сомун алдатканын билдирген. Ал цемент менен бензин алып келип берем деп из суутуп кеткен.Факт боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 30 жаштагы жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө учурунда ал буга чейин башка адамды да 500 миң сомго отургузуп кеткени аныкталганы айтылды. Эгер бул адамдан жабыркагандар болсо 0779 043 407, 0503 005 581 номерлерине же 102ге кайрыла алат.
Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто Европа мамлекеттери Россия президенти Владимир Путиндин АКШ лидери Дональд Трамп менен боло турган жолугушуусуна келүүгө бардык шартты түзүп берет деген үмүттө. Бул тууралуу министр CNN телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. ТИМ жетекчисинин айтымында, эгер Путиндин учагынын учушуна тоскоолдук жаралса, бул Евробиримдик тынчтыктын орношуна каршы экенин далилдейт. "Россия менен Венгриянын ортосундагы мамлекеттер Путиндин учагынын учуп өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем, анткени азыр бул эки президенттин жолугушуусунан тынчтыктын орноор-орнобосу көз каранды. Эгер кайсы бир өлкө тоскоолдук жаратса, демек, ал абалдын жөнгө салынышын каалабайт", — деген Сийярто. Министр Будапештте өтө турган Россия — АКШ саммитинин мөөнөтү жылды деген кепке да комментарий берген. Анын айтымында, күнү белгилене элек иш-чараны жылдыруу мүмкүн эмес.Эскерте кетсек, Россия менен АКШ президенттери өткөн жумада телефондон 2,5 саат сүйлөшүп, Венгрияда жолукмай болушкан.