Тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө кандай инновациялык технологиялар керек — эл аралык тоо-кен форуму өттү

Sputnik
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” аталышындагы Эл аралык тоо-кен форуму өттү. Тоо-кен тармагындагы алдыңкы билимдер жана илимий жетишкендиктер менен алмашуу, инновациялык чечимдерди жана технологияларды эл аралык аянтчада сунуштоо, тармактагы учурдагы тенденциялар, санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү маселелерин талкуулоо, жаңы ишкердик байланыштарды түзүү жана биргелешкен илимий-практикалык долбоорлорду издөө маселелери талкууланды. Өлкөдөгү маанилүү тармак тууралуу Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев маек курду.