БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Диний-экстремисттик багыттагы "Йакын Инкар" уюмунун 14 мүчөсү УКМКнын алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында радикалдык көз караштарынан эл алдында баш тартты. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандардын үйүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, уюлдук телефондор табылган.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.