БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Манас шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жогорку окуу жайдын педагогикалык факультетинин окутуучусу К.З.А. абитуриенттерди атайын сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып, системалуу түрдө акча алып турган.
"Шектүү мезгил-мезгили менен жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди "жабуу" үчүн акча алып турган. Учурда кармалган окутуучунун акыркы беш жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы аталган окутуучуга алданган башка жарандарды да издеп жатат.