БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Уланбек Сатиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
2023-жылдын март айынан бери телеканалды Болотбек Тиллебаев жетектеп келген.