БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жаңжалды чыгарган алгачкы себептерди жойбой туруп Украина көйгөйүн жөнгө салууга, кепке келүүгө чакырык таштоо Россия менен АКШ президенттеринин Аляскадагы макулдашуусуна каршы келет. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.
Ал азыр согуш отун токтотуу Украинанын бөлүгү нацисттик бийликтин алдында калат дегендик экенин белгиледи.
"Азыр кимдер биздин америкалык өнөктөштөрдү өз позициясын өзгөртүүгө, узак мөөнөттүү жана туруктуу жөнгө салууга умтулбай, жөн гана токтоого үндөп жатканын билебиз. Бул иштер менен Зеленскийдин кожоюндары, европалык коргоочулары алектенип жатат. Бирок мындай кадам Трамп менен Путиндин Анкориждеги сүйлөшүп, чатактын биринчи себептерине көңүл коюш керек дегендерине каршы келет", — деген Лавров.
Ал, мындан сырткары, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Россия-Кошмо Штаттар президенттеринин кезектеги жолугушууга болгон даярдыгынын жол-жоболорун талкуулаганын билдирди.