БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ишкерлерден опузалап пара алуу фактысы менен Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Бишкек" эркин экономикалык аймагында иштеген бажы кызматкерлери ар бир ишкерден 3-5 миң сомдон алып турушканы аныкталган.
"Инспекторлор отурган бөлмөдөн видеоматериалдар алынган. Аны изилдөөнүн жыйынтыгында алар товар ташыган же экспорттогон ишкерлерден системалуу түрдө акча алып турушканы билинген. Параны декларациялар, эсепке алуу журналдары жана башка документтердин арасына катып алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси менен иш козголуп, төмөнкүлөр тергөө абагына киргизилген:
К.Д.Д. – Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун башкы инспектору, бажы кызматынын подполковниги;
А.М.А. – Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун улук инспектору, бажы кызматынын майору;
А.М.А. – Бажы тейлөө борборунун бажылык жол-жоболоштуруу тобунун улук инспектору, бажы кызматынын капитаны;
Т.Ж.А. – Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун инспектору, бажы кызматынын майору;
Н.Н.М. – Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун инспектору, бажы кызматынын майору.