Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинанын жеңишине ишенбей турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен жаңжалдашып жаткан Украинанын жеңишке жетерине ишенбейт, бирок аны таптакыр жокко да чыгарбайт. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Жеңишке жетсе болот. Менимче, алар жеңе албайт, бирок колунан келмек", — деген өлкө башчысы.
Трамп АКШ куралдуу кагылышты токтотуу боюнча тараптардын эпке келүүсүнө шарт түзүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
"Абал жөнгө салынса — абдан жакшы. Салынбай турган болсо көп киши үчүн куну оор болот", — деди АКШ лидери.
Анткен менен президент тирешүүнүн кесепетин кайсы тарап тарта турганын тактаган жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: Украинадагы чыр соңуна жакындап калды