Министрлик Россиядан алынган "гриппол+" вакцинасын аймактарга бөлүштүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги россиялык "гриппол+" вакцинасынан 63,7 миң доза сатып алып, аймактарга бөлүштүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Биринчилерден болуп медкызматкерлер, өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору курактагылар жана кош бойлуулар эмделет.
Бишкекте каалоочулар вакцинаны жеке медициналык борборлордо акы төлөп сайдыра алышат. Эмдөөнүн баасы 400 сомдон 1000 сомго чейин болот.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда сентябрь айынын аягында сасык тумоо менен ооругандар көбөйгөнүн, анткен менен өлкөдө учурда эпидемиологиялык абал туруктуу экенин кошумчалады.
Кыргызстанда жыл башынан бери 5 бала кызамыктан чарчап калды