Михалков 18 жашында Борис Щукин атындагы театр окуу жайына кирген. Георгий Данелиянын ""Я шагаю по Москве" фильмине тартылган. Бул тасмадан кийин Михалков атактуулук "оорусуна" кабылат. Бөлмөсүнө өзү тууралуу сүрөттөрдү чаптап алганын көргөн энеси уулун "асмандан түшүрүүгө" аргасыз болгон экен.
Михалков биринчи "Свой среди чужих, чужой среди своих" фильмине актерлорду бекиткенден кийин аны Тынч океан флотуна чакырышкан. Москвага жана киного Камчатканын башкы матросу наамында кайтып келген.
Михалков — көп кырдуу талант. Актер, режиссёр, сценарийчи жана продюсер.
Анын чыгармачыл таржымалында 60тан ашуун роль бар, алардын көпчүлүгү классикага айланган. Никита Михалков — Россиядан "Оскар" сыйлыгын алган жалгыз режиссёр.
Бул сыйлык Россияда тартылган "Утомленные солнцем" фильми үчүн берилген.
Жаш муун Михалковду блогер катары да билет. Ал "Бесогон-ТВ" программасын алып барат.