БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. НАТОнун европалык мүчөлөрү Москва менен согушка даярданып, кыска убакыт аралыгында альянстын Ыкчам жооп кайтаруу күчтөрүн бардык ресурстар менен камсыз кылуу милдети коюлду. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин Самаркандда (Өзбекстан) өткөн жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
"НАТО боюнча европалык союздаштардын Россия менен согушка даярданып жатканын, албетте, көрүп жатабыз. Бул үчүн НАТОнун Бириккен күчтөрүн тез арада бардык керектүү ресурстар менен камсыз кылуу милдети коюлду. Европанын аскердик-өнөр жай комплексин күчөтүү процесси башталды. Мобилизациялык иш-чараларды иштеп чыгуу жана калкын "Москва сөзсүз кол салат" деген пропаганда менен сугаруу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет", — деди ал.
Нарышкин Европада глобалдык "согуш партиясы" иштеп жатканын жана алар дүйнөдө тынчтык болушун каалабай турганын белгилеген.