Радио

ӨКМ: өлкөдө кырсыктардын саны былтыркыга караганда 15%га өстү

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов республиканын аймагында 12 миңге жакын ар кандай табигый мүнөздөгү кооптуу процесстер бар экенин айтты.
Sputnik
Быйыл тогуз айдын ичинде өлкөдө жалпы 3 286 кырсык катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 15 пайызга көп экендигин Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кырсыктардан каза болгондордун саны 243 ишини түзүп, материалдык чыгым 1,5 миллиард сомдон ашты.
"Быйыл жаан-чачын азыраак болуп, сел аз жүрдү. Бирок өрт кырсыктарынын саны көбөйдү. Ошого байланыштуу материалдык чыгым 1,5 миллиард сомдон ашып кетти. Селди алдын алуу, дамбаларды, селканаларды бекемдөөгө көңүл бурулуп, анализ, изилдөө, мониторинг иштерине басым жасалды. ӨКМдин техникалык мүмкүнчүлүктөрү да кеңейип, жаңы технологияларды колдонуп, илимий изилдөөлөр да каралууда", — деди Мамбетов.
Ошондой эле ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча да иштер жүрүп жатканын кошумчалады.