Кыргызстан менен Россиянын баш прокурорлору Москвада жолукту. Эмне сөз болду

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бүгүн, 21-октябрда, Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев россиялык кесиптеши Александар Гуцан менен жолукту. Бул тууралуу РФтин Башкы прокуратурасынын расмий сайтында айтылды.
Алар чет өлкөдөн активдерди кайтаруу боюнча келишим түзүүнү талкуулаган.
1 / 3

Кыргызстан башкы прокурору Максат Асаналиев россиялык кесиптеши Александар Гуцан менен жолукту

2 / 3

Максат Асаналиев россиялык кесиптеши менен чет өлкөдөн активдерди кайтаруу боюнча келишим түзүүнү талкуулаган

3 / 3

Александр Гуцин Кыргызстан чет жактагы активдерди кайтарууга өзгөчө көңүл бура турганын айткан

"Кыргызстан чет жактагы активдерди кайтарууга өзгөчө көңүл бурат. Бул маселе боюнча эл аралык келишимдин долбоорун чогуу иштеп чыгууга даярбыз", — деген Гуцин.

Ал ошондой эле трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун күчөшү жана маалыматтык технологияларды кылмыштуу максатта колдонуу өзгөчө коркунуч жаратып жатканына токтолгон. РФ башкы прокурору эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосундагы өз ара жана бекем иштиктүү мамилелерди жогору баалай тургандыгын белгилеген.
Москвада алгачкы ирет "Россия жана КМШ элдери" фестивалы өтөт