БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кариес балдардын тишин гана жабыркатпастан, өтүшүп кетсе жүрөк-кан тамыр, нерв оорулары сымал системалык илдетке тушуктурат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Байдавлетовдун айтымында, учурда өлкөдөгү 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын дээрлик 100 пайызынын тишине курт түшкөн.
"Бул бир баланын кеминде 2-5 тишинде курт бар дегенди түшүндүрөт. Ал эми 18 жашка чейинки балдардын 94,8 пайызында (2-3 тиште) кариес бар. Көрсөткүч жыл сайын өсүүдө", — деди министрдин орун басары.
Дарыгерлер ата-энелерди балдардын тишине жакшы кам көрүп, туура тамактандырууга, эң башкысы, илдетти алдын алууга чакырды.