22-октябрга карата аба ырайы

22-октябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 18…23, Талас жеринде 16…21, Ысык-Көл өрөөнүндө 13…18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 20…25, Нарын чөлкөмүндө 12…17 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 20…22, Ош шаарында 22…24 градусту көрсөтөт.
Жуманын аягына чейин күн ачык болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайы