Адамгерчилиги, маданияты, таланты менен замандаштарынын урматына, сүйүүсүнө арзыган Бактыбек Мамытов

Sputnik
Бул чыгарылышта биз белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк. Ал кыргыз телесинде сүйлөө маданиятын калыптандырган инсандардын бири катары эл ичинде кеңири таанылган. Маекте Бактыбек агайдын дикторлукка келип калышы, эфирдеги жоопкерчилиги жана жаш дикторлорго берген насааттары тууралуу сөз болду. Ошондой эле анын үнүндөгү өзгөчөлүгү, поэзияга кошкон салымы да белгиленди.
Маекте Бактыбек Мамытовдун чыгармачылыктагы изденүүлөрү, радиодо жана телевидениеде иштеген жылдарынын кызыктуу учурлары да эскерилди. Ошондой эле анын элге кызмат кылуудагы принциптери жана адамдык сапаттары тууралуу да кеп козголду.