Балдар үчүн коопсуз интернет — кибербуллингден кантип сактанууга болот?

Sputnik
Кибербуллинг — бул интернетте, социалдык тармактарда же башка санариптик платформаларда адамдарды мазактоо, коркутуу же шылдыңдоо. Бул көрүнүш өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасирин тийгизет. Кибербуллингдин кесепетинен адамдар өзүн жалгыз сезип, депрессияга кабылуудан тартып өз өмүрүнө кол салууга чейин барышы мүмкүн. Мындай терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук балдарга колдоо көрсөтүп, коопсуз интернет маданиятын үйрөтүшү керек. Бүгүнкү күндө кибербуллинг кылган окучууга же анын ата-энесине 20 миң айып салынат. Интернет аркылуу кемсинтүү, мазактоо, коркутуу 12 жаштан 18 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасында көп кездешет. Бул тууралуу кененирээк “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.