Адистер Кыргызстандагы туризм тармагы учурда кризисте экенин белгилешти. Программанын меймандарынын айтымында, тоолордогу туристтик коопсуздукту камсыз кылуу системасы төмөн деңгээлде, кадрлардын жетишсиздиги да сезилүүдө. Ошондой эле, жаш адистердин даярдыгы өтө төмөн болуп, аларды практикалык көндүмдөр менен камсыз кылуу маселеси актуалдуу бойдон калууда. Адистер тармакты башкарган тиешелүү департаменттин ишин эффективдүү эмес деп баалашты. Алардын пикиринде, координациянын жана башкаруунун жетишсиздиги туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына терс таасир этүүдө.