Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: Украинадагы чыр соңуна жакындап калды

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинадагы жаңжал соңуна чыгууга жакындап калганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости "Страна.ua" басылмасына таянуу менен жазды.
"Согушту тезинен бүтүрүп салууга болбой турат. Бирок соңуна жакындап калганыбыз анык. Анткен менен бул согуш биротоло бүтөт дегендикке жатпайт", — деген Зеленский.
Эскерте кетсек, буга чейин Киев режиминин башчысы АКШ лидери Дональд Трамп менен жолуккан. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, америкалык президент эгер Киев Россия менен бир пикирге келбесе, "өлкө жок болорун" айткан. Мында АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф Украинадан Россия менен аймак алмашуусун катуу талап кылгандардын бири болгон.
Axios порталы сүйлөшүү оор өтүп, Трамптын позициясы катаал болгонун жазды. Маалымат бергендердин бири жолугушуу "начар өткөнүн" айткан. Зеленский маалымат жыйынын Ак үйдөн сырт өткөрүүгө аргасыз болгону маалым.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМКлар Трамп Зеленский менен Россиянын коопсуздук кепилдигин талкуулаганын жазды