Тажикстанда "Бузулгус боордоштук" жана "Барьер" машыгуулары башталды

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Тажикстанда 20-октябрь күнү "Фахрабад" полигонунда ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн "Бузулгус боордоштук — 2025" жана "Барьер —2025" машыгууларынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Машыгуулар 24-октябрга чейин уланат.
Иш-чарага ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси – Тажикстандын коргоо министринин биринчи орун басары Абдукодир Саидзода, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, Кыргызстандын, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү жана чакырылган кызмат адамдары катышты.
ЖККУнун баш катчысы Тасмагамбетов өзүнүн куттуктоо сөзүндө белгилегендей, машыгуулар эл аралык мамилелер кризисинин курчушуна жана ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймагында коркунучтар сакталып турганына байланыштуу өткөрүлүүдө.
"ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу үчүн жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Оор аскердик-саясий кырдаалда жана аймактык туруксуздук шартында ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү өз жеринде да, анын чегинен тышкары да БУУнун мандаты боюнча операцияларды жүргүзүүгө дайыма даяр болушу керек", — деди ал.
Тасмагамбетов машыгуулар командирлердин жана штабдардын тынчтык орнотуу операциясын даярдоодо жана жүргүзүүдө иш ыкмаларын өркүндөтүүгө, талаадагы даярдыктын жана улуттук тынчтык орнотуу контингенттеринин ырааттуулугун жогорулатууга кызмат кыларын баса белгиледи.
Тажикстандын коргоо министринин биринчи орун басары Абдукодир Саидзоданын айтымында, мындай масштабдуу машыгуулар чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууда өлкөлөрдүн күчүн бириктирүү максатында өткөрүлүүдө.
Машыгууга 1,5 миңге жакын адам, 200дөн ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде алты тик учак жана 20дан ашык учкучсуз учуучу аппараттар катышууда.
Радио
Жекшенкулов: мамлекеттер алакасын алгач географиялык абалына карап жүргүзөт