БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кызматтык тартипти бузуп, өз милдетин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн салык органдарынын 13 кызматкери иштен айдалганын Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын үч кварталында салыкчыларга арызданган 181 кайрылуу түшкөн. Аларды иликтөөнүн жүрүшүндө кызматтык тартипти бузган 126 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Аларга төмөнкүдөй жаза колдонулган:
51 кызматкерге эскертүү берилген;
43 кызматкерге сөгүш жарыяланган;
16 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган;
13 кызматкер кызматтан кетирилген;
3 кызматкер кызматынан төмөндөтүлгөн.
"Ошондой эле тогуз ай ичинде 136 салык төлөөчү салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Анын ичинде ишмердигин салыктык каттоосуз жүргүзгөн, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн, ККМди колдонуу талаптарын бузгандар бар", — деп айтылат маалыматта.