БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. БУУ Кыргызстанды өлүм жазасын киргизүү ниетинен тез арада кайтууга чакырды.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрк мындай кадам эл аралык укукту олуттуу буза турганын эскертти.
Анын айтымында, дүйнөдөгү бир дагы сот системасы идеалдуу эмес, ошондуктан өлүм жазасы кайтарылса мамлекеттин колу менен күнөөсүз адам өлтүрүлүшү мүмкүн. Ал бул эл аралык документтерден чыгуунун жол-жобосу каралбаганын белгилеп, өлүм жазасын жокко чыгарган мамлекет кайра аны киргизе албай турганын белгилеген.
“Кыргызстан көп жылдан бери өлүм жазасын жоюу боюнча позитивдүү тенденциянын бөлүгү болуп келди. Азыркы демилгелер өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине каршы келет”, — деди жогорку комиссар.
Ошондой эле ал өлүм жазасы оор кылмыштарды азайтат же алдын алат деген далилдер жок экенин кошумчалаган.
Кыргызстанда педофилдерге жана зордуктап өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүү сунушталып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү коомдук талкууга чыгарылган.