УКМК Бишкекте көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз кургандарды кармады

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкекте 16 кабаттуу "Мадина резиденс" турак жай комплексин курууда мыйзам бузуу аныкталып, шектүүлөр кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, көп кабаттуу үйдүн долбоорун даярдаган уюм курулуш компаниясынын тапшырыгы менен долбоорлоо документтерине жалган маалыматтарды киргизип, курулушка уруксат алынган. Натыйжада 16 кабаттуу үй жанындагы имараттан 5 метр аралыкта жайгашып, терезелерин тосуп калган.
1 / 3

Көп кабаттуу үйдүн долбоорун даярдаган уюм курулуш компаниясынын тапшырыгы менен долбоорлоо документтерине жалган маалыматтарды киргизип, курулушка уруксат алынган

2 / 3

Натыйжада 16 кабаттуу үй жанындагы имараттан 5 метр аралыкта жайгашып, терезелерин тосуп калган

3 / 3

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөө камакка алынып, курулуш компаниясынын жетекчиси үй камагына чыгарылган

"Бул факт өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат. Анын айынан имарат эксплуатацияга берилбей, үлүшчүлөр менчикти тастыктаган документтерин ала албай нааразычылык жаралган. Бул көрүнүш коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет", — деп белгиленген маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, төмөнкүлөр кармалган:
С.Д.М. – "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси;
О.Д.Б. – долбоорлоо уюмунун жетекчиси;
Р.Ж.Т. – курулуш компаниясынын жетекчиси.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөө камакка алынып, курулуш компаниясынын жетекчиси үй камагына чыгарылган.
УКМК тургундардын арызынан кийин "Дельмар групптун" жетекчилерин кармады