Чүйдө нарколаборатория аныкталып, жарым тоннага жакын баңгизат алынды

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Чүй облусунда атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык нарколаборатория аныкталып, жарым тоннага жакын баңгизат алынганын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы С.А.Ч. аттуу жаран баңгизат өндүрүү үчүн лаборатория уюштурууга шектелип кармалган. Ал ижарага алган үйдөн жана кампадан атайын жабдуулар, синтетикалык препараттарды даярдоочу аспаптар, атайын кийим, түрдүү химиялык аралашмалар жана сатууга даяр синтетикалык заттар табылган.
"Ошондой эле шектүүнүн шериги саналган 24 жаштагы С.у.Ы. аттуу жаран кармалды. Ал даяр наркотикалык заттарды Бишкек шаарында "закладка" ыкмасы менен таратып жүргөнү аныкталды. Жалпы 31 килограмм синтетикалык баңгизат жана 433 килограмм химиялык аралашмалар алынды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр Жазаларды аткаруу кызматынын абагына камалган.
УКМК: күнөөсүз адамдын мойнуна баңги кылмышын илген тергөөчүлөр кармалды