Дүйнөдө бардык эле өлкөлөр өз чарбасын географиялык жайгашуусуна карап жүргүзөт. Кыргызстан Россия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан, бизди кылымдардан берки тарых бириктирип турат. Демек, стратегиялык багыттагы алака түзүүчү мамлекеттер да эң ириде ушул эки өлкө болушу керек. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакында эле Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн "Борбор Азия — Россия" саммити бул маселени айгинеледи.
"Борбор Азия мамлекеттери жана Россия саммити экинчи ирет гана өтүп жатканына карабай жылуу маанайда болду. Бардык көтөрүлгөн маселелер айкалышып турду. РФ президенти Владимир Путин өз сөзүндө БА өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 45 миллиардга, инвестиция 20 миллиардга жеткенин айтып, көрсөткүчтү дагы өстүрүү пландалып жатканын кошумчалады. Ошол эле учурда Борбор Азиядагы өлкө лидерлери баары биз ооздон инвестиция керектигин билдиришти. КР президенти Садыр Жапаров энергетика маселесин козгоп, РФ лидери жардам берүүгө даярдыгын айтты. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев жол, транспорт багытындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады, бул демилгени да баары колдошту, Казакстан президенти суу маселеси боюнча сүйлөдү, анда да Россиянын орду билинди. Бул жолугушуунун өзү эле мына ушундай бир нече мисалдар менен чарбасы, багыты бир, бир багытка бет алган өлкөлөр экендигин, жетекчилер өз улутун сүйүп, анын кызыкчылыгын көздөп, кошуна мамлекеттер менен сый, ак ниеттүү алака түзүүгө ынтызарлыгын көрсөттү. Азербайжан президенти Илхам Алиев менен РФ президенти Владимир Путиндин эле сүйлөшүүсүн карагылачы. Чыныгы элди ойлогон лидерлер десек болот. Болуп өткөн окуяга байланыштуу сырткы күчтөр ар кандай чагымчыл иштерди жасоого аракеттеништи, бирок бул эки президент ага жол берген жок", — деди Жекшенкулов.
Ал ошондой эле коопсуздук маселелеринде да аталган өлкөлөрдүн тарыхый жана келечектеги жолдору бир экенин белгиледи.
"Ал эми түрк тилдүү мамлекеттерди мисал кыла турган болсок, кыргызда "алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деген жакшы сөз бар. Анын сыңары, биз тилибиз бир болгон үчүн эле чарбабызды, багытыбызды байлап сала албайбыз да. Эгер тарыхка үңүлө турган болсок, Түркияда пантүркизм саясаты маал-маалы менен болуп турган. Ислам дини менен көз карашы туура келбеген доорлорду да башынан кечиришкен. Ал кезде кыргыздарга бул саясат сиңген эмес. Азыр деле сиңип кетет деп айта албайм. Анткени биздин идеологиябыз, менталитетибиз айырмаланып турат. Экинчиден, алар НАТОго мүчө, биз ЖККУ, ШКУга мүчөбүз. Биздин коопсуздук багытындагы көз караштарыбыз Россия менен дал келет", — деп кошумчалады дипломат.
Ал Борбор Азия мамлекеттери дүйнөлүк саясатта өзүнүн жайгашкан ордун туура пайдаланып, бирдиктүү кадам таштоого бышып жетилгенин билдирди.