Бишкекте Art-Ordo — 2025 эл аралык театр фестивалы ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында X Art-Ordo эл аралык театр фестивалы ачылды.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына арналып, 25-октябрга чейин уланат.
1 / 3

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында X Art-Ordo эл аралык театр фестивалы ачылды

2 / 3

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына арналып, 25-октябрга чейин уланат

3 / 3

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев фестивалдын максаты Улуу Жеңишти даңазалоо, Байжиевди эскерүү, кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү жана чыгармачыл жамааттар арасында тажрыйба алмашуу экенин белгиледи

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев фестивалдын максаты Улуу Жеңишти даңазалоо, Байжиевди эскерүү, кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү жана чыгармачыл жамааттар арасында тажрыйба алмашуу экенин белгиледи.
"Руханий өнүгүүдө элдердин ортосундагы достук чоң роль ойнойт. Маданият менен искусство өзгөчөлүгүбүздү сактап гана тим болбостон, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада таанылышына жол ачат. Театр — бул эң жандуу жана шыктандыруучу күч", — деди Мамбеталиев.
Фестивалдын программасында Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын театрлары тартуулаган сегиз спектакль бар. Быйыл байге фонду 2 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Бардык спектаклдерге кирүү акысыз. Фестивалдын жабылыш аземи Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 25-октябрда саат 17:00дө башталат.
Россиялык белгилүү режиссер Никита Михалков Бишкекте эки спектакль коет