Үч облуста 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилип, дарылоо программасы түзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында көз оорусуна тушуккан тургундардын илдетинин себептери аныкталып, офтальмологиялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты бааланат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Алдын алууга боло турган сокурлукту тез баалоо (БОПС-2025)" аттуу изилдөө баштады. Мындай масштабдагы изилдөө өлкөдө үчүнчү ирет өткөрүлүүдө.
1 / 2

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында көз оорусуна тушуккан тургундардын илдетинин себептери аныкталып, офтальмологиялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты бааланат

2 / 2

Маалыматка караганда, министрлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Алдын алууга боло турган сокурлукту тез баалоо (БОПС-2025)" аттуу изилдөө баштады. Мындай масштабдагы изилдөө өлкөдө үчүнчү ирет өткөрүлүүдө.

"2017 жана 2019-жылдары жүргүзүлгөн ушундай изилдөөлөр көрүүнүн качарлашын 80 пайызга алдын алууга болорун, ал эми негизги себептер катаракта, глаукома жана көзгө өз учурунда кам көрбөө экенин аныктаган", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өнөктүктүн жыйынтыгы менен көз ооруларын алдын алуу жана дарылоо боюнча жаңы программа түзүлөт.
Ошто кытайлык дарыгерлер көз ооруларына акысыз операция жасайт