21-октябрга карата аба ырайы

21-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. 21-октябрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад облустарында +19...+24, Баткенде +18...+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +13...+18, Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +19...+21, Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Жекшенкулов: мамлекеттер алакасын алгач географиялык абалына карап жүргүзөт