Жыл башынан бери Жерүй кенинен 3,9 тонна алтын казып алындыБишкекте Art-Ordo — 2025 эл аралык театр фестивалы ачылдыКыргызстанда күйүүчү майдын запасы бир айга жетпейт.Алдыда кененирээкКыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын запасы бир айга жетпейт, абал курч. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов Sputnik радиосундагы маегинде билдирди. Анын айтымында, буга чейин эки айга жеткидей запас турчу. Эшатов күйүүчү май импорттолуп жатканы менен аз көлөмдө келип жатканын кошумчалады. Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү май улам кымбаттап жатат. Өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 8-октябрда күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөнү жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоону тапшырган.
Жыл башынан бери Жерүй кенинде 3,9 тонна алтын казылып алынды, деп билдирди "Кабар" агенттигине "Алтын Альянс" ЖЧКсынын өнөр жай коопсуздугу, эмгекти коргоо жана экология боюнча башкы директордун орун басары Уланбек Рыскулов. Ал "Тоо-кен тармагындагы диалог: инвестициялар, ачыктык, өнүгүү" форумунун жүрүшүндө компания Жерүй кенинде жылына 1,3 млн тоннага чейин руданы кайра иштетерин айтты. Анын маалыматы боюнча, 2021-жылдан бери компания 21 тонна алтын казган. "2025-жылдын башынан бери бюджетке 10 млрд 480 млн сом салык төлөндү, ал эми 2025-жылдын сентябрь айында – 1 млрд 51 млн сом төлөнгөн. Алтын сатуудан түшкөн кирешеден алынган салыктар 8 млрд 373 млн сомду түздү", - деди ал.
Кыргызстан менен Азербайжандын курулуш тармагындагы кызматташуусу талкууланды. Маселе курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбековдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында курулуш тармагында тажрыйба алмашуу максатында Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Довлетхан Довлетханов менен жолукканда көтөрүлдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагындагы уруксат берүү тартибин жакшыртуу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери кеңири талкууланды жана бул багытта тажрыйба алмашуу боюнча өз ара пикирлер айтылды.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында X Art-Ordo эл аралык театр фестивалы ачылды. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына арналып, 25-октябрга чейин уланат.Маданият министри Мирбек Мамбеталиев фестивалдын максаты Улуу Жеңишти даңазалоо, Байжиевди эскерүү, кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү жана чыгармачыл жамааттар арасында тажрыйба алмашуу экенин белгиледи. Фестивалдын программасында Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын театрлары тартуулаган сегиз спектакль бар. Алардын барына кирүү акысыз.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 29 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 73 сом 40 тыйындан баштап, 74 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 79 сом 40 тыйындан 80 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 78 сом 50 тыйындан тарта 79 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 21-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 21-октябрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад облустарында +19...+24, Баткенде +18...+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +13...+18, Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот. Борбор калаада күндүн табы +19...+21, Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.