Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү “Ачык кеп” программасында чет өлкөдө иш менен камсыздоо жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жаатында жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Маекте №181 Конвенцияны ратификациялоо демилгеси талкууланып, жеке жумушка орноштуруу агенттиктеринин ишин жөнгө салуу, кызматкерлерден акы алууну тыюу салуу жана мигранттардын укуктарын коргоо маселелери боюнча пикир алмашылды. Бул кадам эмгек миграциясын жөнгө салууга жана Кыргызстан жарандарын чет өлкөдө коопсуз жана укуктук негизде жумушка орноштурууга өбөлгө түзөт.