Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Чүйдө нарколаборатория аныкталып, жарым тоннага жакын баңгизат алындыУКМК Бишкекте көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз кургандарды кармадыНовиков орус-кыргыз өнүктүрүү фонду санкцияларга карабастан туруктуулугун сактап келатканын айтты. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков "Кабар" агенттигине Россия санкциялар алдында турганда, фонд россиялык капитал менен кандай иш алып барып жатканын айтып берди. Новиков белгилегендей, бул албетте сезилип жатат. Россия - Кыргыз өнүктүрүү фонду деген аталыштын өзү толук кандуу эл аралык уюм болгонуна карабастан, эл аралык өнөктөштөрдү коркутуп жатат. Фондду түзүү жөнүндө келишим БУУда катталган."Биз долбоорлорду Кыргызстандын аймагында гана каржылайбыз, акча бөлүштүрүүгө тыюу салынат, фонддун башкармалыгында көпчүлүк Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү болуп саналат жана биз эл аралык компаниялар тарабынан көз карандысыз аудиттен өтөбүз. Институттар биздин ачыктыгыбызды көрүп турушат. Учурда бизде долбоорлорду каржылоодо жана банк сектору менен иштөөдө кыйынчылыктар жок", - деди ал.
Бишкекте 16 кабаттуу "Мадина резиденс" турак жай комплексин курууда мыйзам бузуу аныкталып, шектүүлөр кармалганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, көп кабаттуу үйдүн долбоорун даярдаган уюм курулуш компаниясынын тапшырыгы менен долбоорлоо документтерине жалган маалыматтарды киргизип, курулушка уруксат алынган. Натыйжада 16 кабаттуу үй жанындагы имараттан 5 метр аралыкта жайгашып, терезелерин тосуп калган. "Бул факт өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат. Анын айынан имарат эксплуатацияга берилбей, үлүшчүлөр менчикти тастыктаган документтерин ала албай нааразычылык жаралган. Бул көрүнүш коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет", — деп белгиленген маалыматта. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, төмөнкүлөр кармалган: "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси; долбоорлоо уюмунун жетекчиси; курулуш компаниясынын жетекчиси. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөө камакка алынып, курулуш компаниясынын жетекчиси үй камагына чыгарылган.
Чүй облусунда атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык нарколаборатория аныкталып, жарым тоннага жакын баңгизат алынганын Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 30 жаштагы С.А.Ч. аттуу жаран баңгизат өндүрүү үчүн лаборатория уюштурууга шектелип кармалган. Ал ижарага алган үйдөн жана кампадан атайын жабдуулар, синтетикалык препараттарды даярдоочу аспаптар, атайын кийим, түрдүү химиялык аралашмалар жана сатууга даяр синтетикалык заттар табылган. "Ошондой эле шектүүнүн шериги саналган 24 жаштагы С.у.Ы. аттуу жаран кармалды. Ал даяр наркотикалык заттарды Бишкек шаарында "закладка" ыкмасы менен таратып жүргөнү аныкталды. Жалпы 31 килограмм синтетикалык баңгизат жана 433 килограмм химиялык аралашмалар алынды", — деп айтылат маалыматта. Шектүүлөр Жазаларды аткаруу кызматынын абагына камалган.